27-декабрдан тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

27-декабрдан тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаарынын бир тараптуу жана эки тараптуу кыймылынын схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрүнө бир тараптуу кыймыл  жол белгилери орнотулуп,  сызыктар түшүрүлүүдө. Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

27-декабрдан баштап жогорудагы эки көчөнү ишке киргизүү пландалууда.

Буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана 2 көчөдө эки тараптуу кыймылды 2024-жылдын 14-январына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бир тараптуу боло турган көчөлөр:

— Турусбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

— Үмөталиев көчөсү. Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Калык Акиев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

— Тыныстанов көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин (түндүктөн түштүккө);

— Раззаков көчөсү. Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Орозбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);

— Гоголь көчөсү. Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Сүйүнбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө).

Ал эми Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненкого чейинки бөлүгү жана Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү эки тараптуу болору айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: көчө мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>