27-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин жетип, айрым жерлерде өткүн өтөт

Бүгүн, 27-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, деп билдирет Кыргызгидромет.
Күндүз Ысык-Көл жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге чейин жетет, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +32…+37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +29…+34°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +33…+38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +33…+38°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +33…+38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +25…+30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +28…+33°C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°C, күндүз +34…+36°C болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°C, күндүз +25…+27°C болот.