27-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +38°ка чейин жетет, жаан айрым райондордо гана күтүлөт

27.07.2026 | 09:00
27-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +38°ка чейин жетет, жаан айрым райондордо гана күтүлөт — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 27-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндүү аймактарында, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймагында, ошондой эле Чүй, Талас жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°, күндүз +32…+37°;
  • Талас облусунда түнкүсүн +15…+20°, күндүз +29…+34°;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25°, күндүз +33…+38°;
  • Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25°, күндүз +33…+38°;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°, күндүз +25…+30°;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°, күндүз +28…+33°.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°, күндүз +34…+36° болот.

Чолпон-Ата шаарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +25…+27° болот.

Scroll to Top