Бишкектен Кыргызстандын аймактарына сиздерге жага турган кичи каттамдар

16.05.2026 | 19:04

Бийик тоолуу Нарынга же Оштогу аэропорттун авиамузейине Бишкектен бир саатка жетпей жетсе болот.

Кыргызстандын ичиндеги авиакаттамдар коронавирус пандемиясынан кийин кайра жандануу учурун баштан кечирүүдө. Аэропорттор ачылып, жаңыланууда, жаңы каттамдар ишке кирип, өлкө ичиндеги учуулардын географиясы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк аймактарга чейин кеңейүүдө. Учурда республикада 11 аэропорт бар, анын ичинен алтысы эл аралык, ал эми бешөө аймактык. Ал эми «Манас» эл аралык аэропорту (Бишкек) башка өлкөлөргө жана республика боюнча каттамдар аткарылган эң ири хаб бойдон калууда.

Бишкектен Кыргызстандын кайсы кызыктуу аймактарына учуп барууга болорун жана ал жактарга эмне үчүн барууга арзый турганын айтып беребиз.

Бишкек-Ош

Бишкек-Ош авиакаттамдары — эң көп жүктөлгөн ички маршрут, ал иш жүзүндө түндүк менен түштүктүн ортосундагы көпүрө.

Жолго канча убакыт кетет: эгерде Кыргызстандын түндүк борборунан түштүккө унаа менен барсаңыз, 600 чакырымдан ашык жол жүрөсүз жана тамеки чегүүгө, тамактанууга, дааратканага токтоолор менен тоо жолуна дээрлик 12 саат коротосуз. Эгер учуп барсаңыз, жолуңуз болгону 40-45 мүнөттү түзөт. Эртең менен, күндүз жана кечинде учуп кетсе болот, каттамдар күн сайын бар.

Сиз Кыргызстандын чоңдугу боюнча экинчи жана эң эски аэропортторунун бирине коносуз, анын алгачкы учуп-конуу тилкеси учакты 1928-жылы кабыл алган, ал эми биринчи имараты жүргүнчүлөрдү 1930-жылы көргөн. Бул аэропорт – Ошту кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, ошондой эле Орусия, Түркия, БАЭ менен байланыштырган маанилүү транспорттук түйүн. Аэропорттон Оштун борборуна чейин унаа менен жарым сааттык жол.

Ош — Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири, анын 3000 жылдан ашык тарыхы бар жана кылымдар бою ал Улуу Жибек жолундагы маанилүү соода түйүнү болгон. Шаардын негизги символу — ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана миң жылдан ашык убакыттан бери зыярат кылуучу жай болгон ыйык Сулайман-Тоо.

Тоонун ичинде уникалдуу музей жайгашкан, анда кыргыздардын жана Борбор Азия чөлкөмүнүн тарыхына жана маданиятына байланыштуу 35 миңден ашык буюмдар; археологдордун табылгаларынан тартып эң жакынкы тарыхтын артефакттарына чейин сакталган.

Шаарда Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан жана кеминде 2 миң жылдан бери иштеп келе жаткан белгилүү Ош базары бар. Илгери ал жерде кулдар жана курал-жарактар, кымбат баалуу кездемелер жана татымалдар, мал-жандыктар сатылчу. Азыр болсо заманбап товарлар сатылат: жашылча-жемиштер, үй-тиричиликке керектүү нерселер жана, албетте, сувенирлер. Базарды нугунан чыккан Ак-Буура дарыясы көп жолу каптаган, бирок ал дайыма өз ордуна кайтып келип, ушул күнгө чейин туристтердин да, жергиликтүү тургундардын да сүймөнчүгү болуп келет.

Аэропорттун өзүндө да көрө турган бир топ нерселер бар. Жакында эле, апрелдин аягында, «Ош» эл аралык аэропортунун аймагында авиапарк жана бардык каалоочулар үчүн интерактивдүү элементтери жана учуу симулятору бар авиациялык музей ачылды. Музей ушунчалык популярдуу болгондуктан, «Кыргызстан аэропорттору» ага окшош комплексти Бишкектин жанындагы «Манас» эл аралык аэропортунда да ачууну көздөп жатат.

Тамак-аштардан туристтер жана коноктор Оштун тандыр самсасын, Ош палоосун жана мастава шорпосун татып көрүүгө милдеттүү. Ал эми Ош шашлыгы же куурдагы сиздин эсиңизде калат, бул эт тамактары орточо майлуулугу жана татымалдардын өзгөчө жыты менен айырмаланат. Менюдан вегетариандык тамактарды табуу кыйын, бирок мүмкүн.

Баасы: каттамдын убактысына, тарифке жана тандалган багажга жараша учуу бир тарапка 12 жаштан жогору чоң жүргүнчү үчүн 3500 сомдон 6000 сомго чейин болот. Мурда ар бир авиакомпания өз баасын коё алчу, натыйжада өлкө ичиндеги түндүк борбордон түштүккө билеттер бир тарапка 10-12 миң сомго чейин жетип кетчү. Маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, акыры айрым авиакаттамдарга бааны жөнгө салуу системасы киргизилген. Бишкек-Ош – так ушул баасы жөнгө коюлган каттамдардын бири.

Бишкек-Тамчы

Тамчыдагы хаб кыргыз картасында салыштырмалуу жаңы болуп эсептелинет. Расмий түрдө «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту деп аталган бул жай Ысык-Көл көлүнө жакын жерде 2003-жылы гана пайда болгон. Ал өлкө ичиндеги экинчи таанымал авиакаттам, бирок жайкы жана туристтик багытта гана. Бишкектен бул аэропортко каттамдар анча көп эмес, алар жайында гана ачылат жана көбүнчө Тамчыга Ош, Алматы же Ташкент аркылуу учуу варианттары бар.

  • Жолго канча убакыт кетет: Бишкектен Ысык-Көлгө чейин унаа же автобус менен 3-4 саат жол жүрүүнүн ордуна, «Манас» аэропортунан көлгө түз каттам менен болгону 45 мүнөттө учуп келсе болот. Эгер транзит менен учсаңыз, саякатыңыз 15-18 саатка чейин узарат, башка аэропортто кайра каттоодон өтүү да керек болот. Каттамдардын ортосунда дагы бир шаарды: Ошту, Алматыны же Ташкентти көрүп алсаңыз болот.
  • Баасы: 026-жылы 12 жаштан жогору бир адам үчүн кол жүгү менен Тамчыга билетти эрте брондогон учурда авиаагрегаторлордо 16 500 сомдон жогору баада сатып алуу керек. Бул баа бардык эле кыргызстандыктардын чөнтөгүнө туура келе бербейт. Каттам учак которуу менен болот. Материал жарыяланган учурда 2026-жылкы туристтик сезонго карата которуусуз түз каттамдардын графиги азырынча жок.

Көбүнчө орусиялыктар, казакстандыктар, өзбекстандыктар өз мамлекеттеринен Тамчыга борбор шаарга барбай, түз каттамдар менен учуп келишет. Авиахаб кеңейүүдө, азыр жаңы терминал курулуп жатат, ал эми туристтик агым өсүүдө.

«Кыргыз бермети» болгон Ысык-Көл өлкөнүн эң белгилүү туристтик жайы. Ал туздуу суусу жана жумшак климатынын аркасында кышында тоңбойт. Ысык-Көл аянты боюнча дүйнөдөгү эң ири 25 көлдүн катарына жана эң терең көлдөрдүн алдыңкы жетилигине кирет, анын максималдуу изилденген тереңдиги 702 метрге жетет. Туристтер бул жакка май айынан сентябрдын аягына чейинки пляж сезону үчүн гана эмес, ошондой эле тегеректеги каньондорго, жээктеги капчыгайларга жана шаркыратмаларга суктануу, коруктарды көрүү, ысык булактарга жана дарылык баткактарга жатуу үчүн келишет.

Ысык-Көлдүн гастрономиясы — бул шашлык, манты, самса сыяктуу эт тамактары гана эмес, форель, сиг, чабак балыктары да. Бул жакта кадимки лагман, гюро-лагман жана ашлян-фу да башкача даамдуу болот. Эң даамдуу ашлян-фуну салттуу түрдө Караколдун кафелеринен тапса болот, бирок Балыкчы же Чолпон-Атадан да татыктуу варианттарын табууга болот. Аймак туристтик болгондуктан, ири кафелердин жана конок үйлөрдүн менюсунда вегетариандык тамактар сөзсүз бар.

Бишкек-Нарын

Бишкек аэропортунан Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң бийик тоолуу облустук борборлордун бири болгон Нарын шаарына да учуп барууга болот. Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан шаар 1868-жылы Кашгардан Чүй дарыясынын өрөөнүнө кеткен соода жолунда Орус империясынын стратегиялык пункту катары негизделген. Нарын Кыргызстан үчүн азыр да маанилүү: шаар аркылуу Кытай менен чек арадагы Торугарт өткөрмө бекетине баруучу жол өтөт.

Нарындын өз аэропорту 1974-жылы ачылган, бирок 2000-жылдары шаар оор мезгилди баштан кечирип жаткан учурда жабылып, жыйырма беш жылдан ашык убакыт иштебей турган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аэропорт кайра жанданды, жаңы имараттар жана инфраструктуралык объектилер, учуп-конуу тилкеси курулду. 2025-жылдын сентябрында мамлекет башчысы жаңыланган Нарын авиахабын салтанаттуу түрдө ачкан.

Шаарда Какен Мамбеталиева атындагы уникалдуу тарыхый-этнографиялык музей бар. Андан эски көрүстөндөрдөн табылган буюмдарды жана кыргыздардын тарыхына байланыштуу башка кызыктуу артефакттарды көрүүгө болот. Мындан тышкары, Нарын Тянь-Шань тоолору боюнча көптөгөн туристтик маршруттардын башталыш чекити болуп саналат. Ал жактан, мисалы, Таш-Рабат кербен сарайына, бийик тоолуу Соң-Көл жайлоосуна, Кытай менен чек арага жакын жайгашкан уникалдуу мөңгүлүү Кел-Суу көлүнө, кышында да, жайында да кооз болгон жана көп учурда «кыргыз Байкалы» деп аталган Ара-Көл көлүнө сапарлар башталат. Экскурсияларды жана турларды Нарын шаарынын өзүнөн да, алдын ала Бишкектен да сатып алууга болот. Бирок Бишкектен алган учурда сиз учак менен эмес, гид жана 15-17 адамдан турган туристтик топ менен автобус аркылуу барасыз.

Нарын жана жалпы эле Нарын облусу — Кыргызстандагы эң даамдуу эти бар аймактардын бири. Ошондуктан сизге нарындыктардын бешбармагын, куурдагын, шорпосун, жылкынын чучугун жана топоздун этинен жасалган тамактарын татып көрүүнү сунуштайбыз. Эгер сиз вегетариан болсоңуз, оңой болбойт, бирок кафелерде вегетариандык тамактар да табылат.

  • Жолго канча убакыт кетет: Нарынга унаа менен баруу алыс, 300дөн ашык чакырымды санитардык токтоолорду жана тамактануу тыныгууларын эсепке алганда 5-6 сааттан ашык убакытта басып өтөсүз. Ал эми бир тарапка учуу 40-45 мүнөттү алат.
  • Баасы: 12 жаштан жогору чоң жүргүнчү үчүн билет мурда 2100 сомдон жогору болчу. Бирок азыр авиаташуучулар «Кыргызстан аэропорттору» менен биргеликте акция киргизишти: 2026-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин Нарынга болгону 1000 сомго учуп кетсе болот.

Бишкек-Манас

Эгер түштүккө жана жумшагыраак климатка баргыңыз келсе, анда Манас шаарына жол алыңыз. Ал 2025-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад деп аталып келген, карталарда, навигаторлордо жана туристтик макалаларда шаар эки аталыш менен тең кездешет. Манастын шаарынын расмий тарыхы 1877-жылдан башталат. Ошол жылы Фергана өрөөнү Орусия империясынын курамына кирип, Аюб-Тоо тоосунун жанында аскерлер чеп түптөгөн. Бирок бул аймакта адамдар ага чейин эле жүздөгөн жылдар бою жашап келген. Уламыш боюнча, конуш суфий Жалал-ад-Диндин атынан аталган. Орто кылымдагы бул диний ишмер, уламыштарда айтылгандай, саякатчылар үчүн кербен сарайларды куруп, адамдарды дарылаган.

Шаар Аюб-Тоо тоосунун этегиндеги баткактары, минералдык суулары жана туздуу бөлмөлөрү бар дарылоочу курорттун эң жакын коңшусу катары белгилүү. Тоонун аты да легендалар менен байланышкан: дарылык булактар ислам пайгамбары Азирети Аюбдун (христиан салтында Иов катары белгилүү) буттары менен жерди тепкилегенинен улам пайда болгон деп айтылууда.

Манас дүйнөдөгү эң байыркы жана ири жаңгак токойлорунун бири болгон Арстанбап токоюна жакын жайгашкан. Курорт шаардан болгону 5 чакырым аралыкта, ал эми жөө басып кыдырууга да, ат минип сейилдөөгө да боло турган Арстанбапка чейин болжол менен 80 чакырым. Шаардын өзүндө борбордук аянтка, Сейил-Тепе көрүү аянтчасына, жаңы жана түркүн мөмө-жемиштер менен жаңгактар сатылган жергиликтүү базарга баруу сунушталат. Тамак-аштан бул жерде нан, майда манты, палоо жана шашлыкты татып көрүү керек. Вегетариандык тамактар менюда бардык жерде боло бербейт, буга даяр болуу керек. Бирок жок дегенде салаттарды сиз үчүн даярдап беришет.

Жалал-Абад облусунун кооз жерлеринин арасында Манастан алысыраак жайгашкан жети көлү бар бийик тоолуу Сары-Челек биосфералык коругу, Беш-Арал жана Падыша-Ата улуттук парктары, Саймалуу-Таш петроглифтери бар. Аймактын тарыхый эс тутумун исламдын бул жерге келиши менен байланышкан Шах-Фазиль жана Сафед-Буленд күмбөздөрү сактап турат. Ошондой эле Чеке-Мазар, Шами-Шейит, Даут-Пирим жана Бала-Мазар сыяктуу көптөгөн мазарлар бар.

Жолго канча убакыт кетет: Бишкектен Манаска автоунаа менен барсаңыз, жол 8 сааттан ашык убакытты алат жана 450 чакырымдан ашык аралыкты басып өтөсүз. Учак менен кыйла тезирээк — болгону 40-50 мүнөт.

Баасы: Бишкек — Манас каттамында 12 жаштан жогору бир чоң жүргүнчү үчүн бир тарапка авиабилет 3 500 сомдон 5 500 сомго чейин турат. Бишкек — Манас каттамына да бааларды жөнгө салуу тартиби колдонулат.

Учуу эрежелери

Ички каттамдарда республикадан тышкаркы эл аралык авиакаттамдардагыдай эле эрежелер иштерин унутпаңыз. Алар жөнөкөй:

— биринчи жолу учуп жатсаңыз, аэропорттун сайтынан учуу жана жүк ташуу эрежелерин окуп чыгыңыз. Мисалы, кесүүчү-тешүүчү буюмдар, аэрозолдор жана башка нерселер учактын бортуна кол жүгү катары киргизүүгө тыюу салынат;

— аэропортко учак учардан 3 саат мурун келиңиз, ошондо сиз текшерүүдөн да, каттамга каттоодон да көйгөйлөрсүз жана шашпай өтүүгө жетишесиз;

— аэропортко жөнөрдөн мурун, жаныңызга уча турган паспортуңузду алганыңызды текшериңиз. Эгер сиз кыргызстандык болсоңуз жана телефонуңуздагы «Түндүк» тиркемесинде санариптик ID-картаңыз болсо, кагаз паспорттун кереги жок, сизди ички каттамга санариптик документ менен да каттай алышат. Бирок уюлдук телефон, атүгүл эң кымбат жана жаңысы болсо да ишенимсиз нерсе, аэропорттун ичинде эле күтүүсүздөн иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан, билетти сатып алган кагаз паспортуңузду баары бир жаныңызда алып жүргөнүңүз жакшы;

— авиакомпаниянын шарттарын кунт коюп окуңуз: жаныңызга канча жеке буюм, кол жүгүн, багаж алса болот, муну өзүңүз эстеп калышыңыз керек жана бул шарттарды өзүңүз сакташыңыз керек.

— учактын бортунда ар бир жүргүнчү үчүн нускамада жазылган жүрүм-турум эрежелерин сактаңыз, борт коштоочулардын жана стюардессалардын көрсөтмөлөрүн мурун жүз жолу учкан болсоңуз да угуңуз. Эгер күтүүсүз кандайдыр бир жагдай болуп кетсе, дүрбөлөңгө түшпөңүз, нускама боюнча аракеттениңиз;

— — Теориялык жактан башка жүргүнчүлөр менен орун алмашууга болот. Бирок бул авиакомпания тарабынан түз тыюу салынбаса жана борт коштоочулардын уруксаты менен гана мүмкүн. Абал ар кандай болушу мүмкүн: мисалы, жаныңызда үй жаныбары менен жүргүнчү учуп баратышы мүмкүн, ал эми сизде аллергия бар. Кээде бош орунга отурууга да уруксат берилиши мүмкүн, бирок бул да сөзсүз уруксат менен гана ишке ашат, анткени бул коопсуздук маселеси. Авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн жана алардын кол жүктөрүнүн салон боюнча бирдей жайгашышын көзөмөлдөйт. Борттогу жүктөр да орундардын толуу картасына жараша бөлүштүрүлөт. Эгер жарым-жартылай бош салондо баары өзүнө ыңгайлуу же каалаган жерине өтүп кетсе, учактын тең салмагы бузулушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да мындай демилге экипаж менен макулдашылышы керек жана учак учуп жаткан учурда орун алмашууга болбойт.

Елена Короткова

Scroll to Top