АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкекте Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрө оңдолот
16.05.2026 | 14:30
Бүгүн, 16-майдан тарта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эстакадалык көпүрөдө оңдоо иштери башталат. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат. Ошондой эле асфальт төшөө иштерине байланыштуу көпүрөнүн эки тарабына тосмолор орнотулат. Жол кыймылына киргизилген чектөөлөр ушул жылдын 15-июлуна чейин күчүндө болот.
Аталган тилкеде эмнелер жасалат жана жаңыланат:
- эскирген конструкцияларды демонтаждоо;
- каптамаларды алып салуу жана фасаддарды жаңылоо;
- тротуарларды калыбына келтирүү;
- аймакты тазалоо жана курулуш таштандыларын чыгаруу;
- коммуналдык инфраструктураны жаңыртуу (кабелдик линияларды тартуу);
- жарыктандыруу жабдууларын алмаштыруу жана LED лампаларын орнотуу;
- темир тосмолорду орнотуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом



