Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Камчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылды
27.07.2026 | 20:10

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев камактан бошотулду. Сот мамлекетке келтирилген чыгымдын олуттуу бөлүгү төлөнгөндөн кийин анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Шайырбек Ташиев күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) сатуудагы коррупция боюнча кылмыш ишинин негизги айыпталуучуларынын бири болуп саналат. Бул иш боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКсынын жана «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКсынын жогорку жетекчилери да өтүүдө. Учурда тергөө резонанстуу кылмыш ишин сотко өткөрүп берүү үчүн далилдерди чогултуу иштерин аяктап жатат.
Теги: ИИМ