29,7 млн сомдук тамекини өрттөп салган сот аткаруучуга кылмыш иши козголду

29,7 млн сомдук тамекини өрттөп салган сот аткаруучуга кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура 29 млн 715 миң сомдук тамекилерди өз билемдик менен «жок кылгандыгы» үчүн сот аткаруучуга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов районунда сот аткаруучу болуп иштеген Э.С. аттуу кызматкер кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган 29 млн 715 миң сомдук 424 миң 500 куту тамекини далилдерди жок кылуу тартибин бузуп, мыйзамсыз өрттөгөн.

Көзөмөл органы билдиргендей, сот аткаруучу далил заттарды (тамекилерди) өз билемдик менен кампадан мыйзамсыз алып чыккан. Андан кийин талаага алып барып өрттөгөн. Ал тамекинин коробкаларын өрттөп жатканын видеого тартып алган. Андан кийин далил заттарды жок кылгандыгы тууралуу акт түзүп, видеону, топтолгон документтерди үйүнө алып барып, сактап жүргөн.

Прокуратура сот аткаруучунун тамекини өрттөгөнүнөн күмөн санап, «такталбаган белгисиз кутуларды өрттөгөн» деген пикирде. Ошондой эле тамекилерди өрттөөгө күбө-калыс катары катышкан адамдардын жашаган жери жана өздүгү такталган эмес.

Көзөмөл органы белгилегендей, сот аткаруучу далил заттарды жок кылып жатканда, атайын комиссия түзүлүшү керек болгон. Ал эми тамекилер от казандар, жылуулук электр борборлору бар ишканаларда жок кылынышы керек эле.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (бийликтен аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн материалдар УКМКга тапшырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>