Электр жарыгын ким коротот? Депутаттар майнинг-ферма жөнүндө маалымат талап кылды

Электр жарыгын ким коротот? Депутаттар майнинг-ферма жөнүндө маалымат талап кылды

Кыргызстанда каттоодон өткөн 25 майнингдин сегизи гана иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика  министринин орун басары Атабек Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, аталган компаниялар менен түз келишим жок. Алардын айрымдары электр жарыгын менчик чакан ГЭСтерден алат. Андан тышкары Орусиядан Казакстан аркылуу алып турат.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов электр жарыгын элден эмес, майнинг-фермалардан үнөмдөө керектигин айтты.

«Майнинг-фермага уруксат бербеш керек болчу. Буга чейинки министрлер мына ушул себептен улам каршы болуп келишкен. Камбар-Атадагы майнинг-ферма боюнча эмне айта аласыз?», — деди ал.

Атабек Абылгазиев “Камбар-Ата -2” ГЭСиндеги майнинг-ферма боюнча маалыматты четке какты.

Депутат Исхак Масалиев ГЭСте майнинг-ферма бар экенин президент Садыр Жапаров өзү таксыктаганын айтты.

“2023-жылдын июнь айында “Кабар” агенттигине берген маегинде президент өзү “Камбар-Атада” майнинг-ферма бар экенин айтып жатат. Ал 30 МВт кубаттуулукта иштерин белгилейт. Электр жарыгы 60 тыйындан берилет деген өлкө башчысы. Сиздин бул жөнүндө маалыматыңыз жокпу?”, — деди эл өкүлү.

Аны кесиптеши Улукбек Ормонов дагы колдоп, жалпы өлкө аймагындагы майнинг-фермалар тууралуу маалымат сурады.

“22 ферма бар. Алардан 100 миллион сомдон ашык салык түшкөнү айтылган. Алар жарыкты кайдан алып жатат? Бир жылда канча энергия короттту? Орусиядан алып келсе, Казакстандан кантип алып өтүп жатат? Кеминдеги майнинг-ферма Кант шифер заводу менен бирдей электр жарыгын коротот экен? Баардык суроолорго так жооп бергиле, көзүбүз ачылып калсын”, — деди ал.

Энергетика министрлигинин маалыматында, электр жарыгынын 61 пайызы калк, 18 пайызын – транспорт тармагы, 12 пайызын – өндүрүш, 8 пайызын – коммерциялык сектор чыгымдайт. Кыргызстанда турак үйлөрдүн керектөөсү башка мамлекеттерге салыштырмалуу 5 эсеге көп.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>