3-май: Коронавирус 26 кишиден табылды, 37 бейтап оорудан айыкты

3-май: Коронавирус 26 кишиден табылды, 37 бейтап оорудан айыкты

Кыргызстандын аймагында дагы 26 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 790а жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова  брифингде билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:

Бишкек ш. – 14, Ош облусу –2 Баткен облусу – 1, Чүй облусу – 9.

Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 37 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.

Вирустан сакайгандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:

Бишкек шаары — 21, Ош облусу — 1, Ош шаары — 6,  Жалал-Абад облусу — 1, Нарын облусу — 6, Баткен облусу — 2.

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 564гө жетти.

Соңку сутка ичинде коронавирустан эки адам каза болду, алардын бири медициналык кызматкер, ал №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Асанова. Экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон.

Ушуну менен коронавирус адам өмүрүн алган 10 учур катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>