Binance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жататBinance криптобиржасына хакердик чабуул жасалып, 6,3 млрд доллар чыгарылып кеттиДамир Осмонов катышкан Түрк медициналык дүйнөсүнүн конгресси өтүүдөКасымалиев, Ниязбеков, Туманбаев: президент бир катар жетекчилерге сыйлыктарды тапшырдыЖаңы Ош базары 2027-жылдын жазында ачылат: негизги курулуш иштери аяктады
30-июнда Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус табылды
30.06.2020 | 09:41
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 279 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 30-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —182 адам. Ош шаарында 1, Чүй облусунда 36, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 9, Талас облусунда 15 адам.
Акыркы сутка ичинде 76 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты.
30-июнга карата өлкөдө жалпы 5 миң 296 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2 миң 370 адам илдеттен айыккан. Оорудан улам 50 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом