Үрүмчүдө курулуш тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгы боюнча меморандум түзүлдүТрамп Бээжинде: соода согушу аяктадыбы? Борбордук Азия үчүн кесепеттери тууралуу эксперттердин пикириОшто баңгизат сатуу менен алектенүүгө шектелген топ кармалдыӨкмөт башчысы Улуттук онкология борборунун поликлиникасына күтүүсүз текшерүү жүргүздүДепутат балдардын оюн-зоок борборлорунда медкызматкерлер болушун талап кылдыБаткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө
№31 абактан тыюу салынган буюмдар табылды (фото)
05.07.2019 | 15:48
Молдовановка айылында жайгашкан №31 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган заттар алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, абак жайдын кызматкерлери кызматтык иттердин жардамы менен тинтүү иш-чарасы 5-июлда өткөрүшкөн.
Тинтүү учурунда табылган буюмдар:
17 — уюлдук телефон;
7 — кулакчын
470 — сом акча каражаты,
16 — телефон кубаттагыч;
21 — телефондун аккумлятору;
1 — сим-карта;
2 — оюн картасы;
2 — электр жылыткыч;
30 — кесүүчү жана көзөөчү буюмдар
15 темир кесүүчү буюм (резак);
3 — чүкө ж.б. бир ктаар буюмдар табылган.
Ал эми качуу үчүн даярдалган жер асты менен казылган жайлар (подкоп) табылган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар