Салык кызматы жаңы фискалдык программалык камсыздоону сыноо долбоорун аяктоодо

30.07.2026 | 18:57
Салык кызматы жаңы фискалдык программалык камсыздоону сыноо долбоорун аяктоодо — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду аяктайт. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Анын маалыматына ылайык, пилоттук долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларында коомдук тамактануу жайларынын, мейманканалардын, күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан ишканалардын, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлердин катышуусунда жүргүзүлгөн.

Маалыматка караганда, системага 1,3 миңден ашуун ишкердик субъекти кошулуп, 2 миңден ашык объект интеграцияланган.

Салык кызматында белгилешкендей, ФПКны киргизүү акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алууга жана салык тартибин жакшыртууга оң таасирин тийгизди. Тактап айтканда, пилоттук долбоордун катышуучуларынын 2026-жылдын январь–июнь айларындагы орточо күнүмдүк кирешеси 153,4 миң сомду түзсө, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 89,6 миң сом болгон. Өсүү темпи 171,3 пайызды түздү.

Мекеме мисал катары айрым коомдук тамактануу жайларынын көрсөткүчтөрүн келтирди. Бир кафенин орточо күнүмдүк кирешеси 121,1 миң сомдон 399,6 миң сомго, экинчисиники 90,6 миң сомдон 357,8 миң сомго, үчүнчүсүнүкү 109,8 миң сомдон 319,1 миң сомго чейин өскөн.

Учурда Мамлекеттик салык кызматы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону этап-этабы менен киргизүүнү караган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда.

Тиешелүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынганга чейин пилоттук долбоордун катышуучулары ФПКны мурдагы тартипте колдоно беришет. 1-августтан тартып система үзгүлтүксүз режимде иштеп, ишкерлердин туруктуу ишин жана фискалдык маалыматтардын салык органдарынын маалыматтык системаларына үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыздайт.

Мекемеден ФПКны киргизүүнүн кийинки этаптары, жаңы талаптар күчүнө кире турган мөөнөттөр жана алар кайсы категориядагы ишкерлерге тиешелүү болору тууралуу кошумча маалымат берилерин билдиришти.

Scroll to Top