31-май: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, айрым аймактарда — жаан жана күн күркүрөйт

31.05.2026 | 10:00
Кыргызстандагы туруксуз аба ырайы

Бүгүн, 31-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Нарын облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Такталган маалымат боюнча, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндүү зонасында, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда: түнкүсүн 16…18°C, күндүз 33…35°C;
  • Талас облусунда: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
  • Ош облусунда: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 32…37°C;
  • Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 32…37°C;
  • Баткен облусунда: түнкүсүн 14…19°C, күндүз 31…36°C;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 22…27°C;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 22…27°C;
  • Бишкек шаарында: абанын температурасы түнкүсүн 15…17°C, күндүз 31…33°C болот.
Scroll to Top