31-октябрда Сокулукта активист Адилет Балтабайдын соту болот

31-октябрда Сокулукта активист Адилет Балтабайдын соту болот

Чүйдүн Сокулук районунун пробация органы активист Адилет Балтабайга буга чейин сот тарабынан белгиленген 3 жылдык пробацияны жокко чыгарып, эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонуу өтүнүчү менен Сокулук райондук остуна кайрылды. Бул тууралуу активист «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Активисттин айтымында, ал пробация органына өз убагында барып, каттоодон өтүп турган. Бирок ага карабай пробация органы Адилет Балтабай кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу «Фейсбукта» түз эфир жасаганынан кийин анын пробациясын жокко өтүнүчү менен сотко кайрылган. Соттук отурум 31-октябрда саат 11:00до Сокулук райондук сотунда болот.

«Кайрадан адвокат керек! Ооруп, доктурга көрүнүп жүрсөм, пробациядан чалышыптыр. Эртең (31-октябрда – ред.) сот болот деп. Саат 11:00 дө Сокулук райсотунда экен.

Бечелге жөтөлдүн не кереги бар эле дейсиздер. Бирок, шарт ушундай болуп калды. Катталууга көңүл коюп барып жатканыма карабай, пробация органы мени сотко берди. Тиги , скандалдуу видеодон кийин…

Коомчулук, бизди колдоп коюңуздар. Анткени айгайлап арача деп чала калганга чоң үйдө кызматчы тууганым жок экен. Калыс пикир айтам деп капаска түшкөнү турамбы, дагы?», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Адилет Балтабай кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу «Фейсбукта» түз эфир жасаганынан кийин аны УКМКнын кызматкерлери кармап кетип, бир нече саттан кийин кое берген.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

2023-жылы 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Видео: Адилет Балтабай УКМКнын кызматкерлери эмнеге кармаганын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>