УКМКнын кызматкерлери кармаган Адилет Балтабай кое берилди

УКМКнын кызматкерлери кармаган Адилет Балтабай кое берилди

Кечээ, 10-октябрда активист Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, аны УКМКнын кызматкерлери кармап кетип, атайын кызматтын башкы мекемесине алып барышкан. Ал жактан «профилактикалык сүйлөшүү» жүргүзүп, түнүндө кое беришкен.

Анын кармалышы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча «Фейсбук» баракчасында түз эфир жасаганына байланыштуу.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Адилет Балтабайдын үйүнө өзүн «Сокулук райондук милициянын кызматкерибиз» деп тааныштырган адамдар келип, активистти издеген. Бирок ал учурда Адилет Балтабай үйүндө болгон эмес.

Кийин алар аны Чүйдүн Сокулук районундагы пробация органына барганда кармап кеткен.

Сокулук районундагы пробация органынын кызматкерлери активисттин туугандарына Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кеткенин айтышкан. Бирок активистти ким кармап кеткени так белгилүү болбой жаткан.

Кечинде саат 19:00дөрдө активисттин туугандары жактоочу менен Сокулук райондук милициядан сураштырып издегенде, Адилет Балтабайды алар кармабаганын айтышкан.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>