Бишкекте 32 жаштагы Улукбек бир айдан бери дайынсыз болууда

Бишкекте 32 жаштагы Улукбек бир айдан бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарында 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү акыркы жолу 2-декабрда байланышкан. Анда ал мончодо экенин айтып, андан кийин дайынсыз болгон.

Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.

Белгилери: бою 180-185 см, дене түзүлүшү калың, чачы кара.

Кийген кийими: кара куртка, кара жинсы шым, күрөң водолазка, кара өтүк.

Милиция Шаршенбек уулу Улукбектин жүргөн жерин билген же көргөн-билгендер болсо 0500 607 067 телефонуна жана 102 кызматына байланышууну суранат.

Мончого кеткен бойдон дайынсыз. 32 жаштагы Улукбек изделүүдө

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>