$40 миң пара алууга шектелип кармалган блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

$40 миң пара алууга шектелип кармалган блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

Чүй облусунда 40 миң доллар пара опузалап алууга шектелип кармалган блогер У.Б. психиатриялык ооруканага жаткырылат. Мындай чечимди 11-августта Чүйдүн Аламүдүн райондук соту чыгарганын Reprter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун чечими менен блогер У.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 25-беренесине (Акыл-эси соо эместик) ылайык, жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иши жабылган.

Соттун өкүмү менен блогер У.Б.га медициналык мүнѳздѳгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылары каралган. Мындай чечим эки жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Ошондой эле бул иште жабырлануучу деп табылган С.А. жана анын өкүлү Ж.Ш. блогер У.Б.нын мыйзамдуу өкүлүнөн аларга келтирилген материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүү тууралуу арызы, ошондой эле блогер У.Б.га таандык унаанын камак алынышы боюнча иштер жарандык тартипте каралары жөнүндө чечим чыккан.

Эскерте кетсек, быйыл 2-майда блогер У.Б. 76 жаштагы жарандан акча опузалогоо шектелип кармалган. Милиция билдиргендей, апрель айынан бери блогер аталган жаран тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарыялай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылып келген. Ал 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде жаран милицияга кайрылган. 2-майда ал 2,7 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

ИИМдин акыркы маалыматы боюнча, блогер арыз жазган адамдан 40 миң доллар эмес, 50 миң доллар опузалап, анын 40 миң долларын алган.

Аталган блогер коомчулукка унааларды техникалык кароодон өткөргөн жеке автолабораториялар боюнча маселени көтөрүп чыгып, таанымал болгон.

Блогер жеке автолабораториялар техникалык кароо жүргүзүү үчүн унаа ээлеринен 4 миң сомдон акча алып жатканын, аталган сумманын 500 сому мамлекетке, калганы жеке фирмаларда калып жатканын билдирген. Көп өтпөй ал бул көйгөй көтөрүлгөндөн кийин, маселе оң жагына чечилгенин, техникалык кароо үчүн унаа ээлеринен 2 миң сомдон алына турганын айткан.

18-апрелде ал автолабораториянын башчылары бир нече миң доллар пара бергенин айтып, видеосун соцтармактарга чыгарган. Ошол эле учурда, ал лаборатория башчылары чагымчылдык кылып, укук коргоо органдарына карматышы мүмкүндүгүн билдирген (белгилей кетсек, жабырлануучу делген жаран милицияга 18-апрелде кайрылган).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>