ИИМ: 450 кг баңгизат өрттөлүп, жок кылынды (видео)

ИИМ: 450 кг баңгизат өрттөлүп, жок кылынды (видео)

Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 450 кг баңгизат өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттөлгөн 450 кг баңгизат 2022-жылдан тарта ушул күнгө чейин ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө табылып алынып, алар боюнча соттук териширүүлөр аяктаган.

Жалпы 30 кг ашык героин, 328 кг кара куурай тобундагы баңгизат, 2 кг ашык апийим жана 90 кг ашык психотроптук зат 500 градус ысыктыкта өрттөлгөн.

Бул иш-чаранын максаты жарандарды баңгизаттарга каршы үгүттөө жана укук коргоо органдары тарабынан табылып алынган маңзатты экинчи жолу жүгүртүүгө жол бербөө болуп саналат.

Баңгизаттарды жок кылуу комиссиясынын курамына Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Сот департаментинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери кирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>