43 жаштагы аялды зордуктаганга шектелип 2 жаран кармалды

43 жаштагы аялды зордуктаганга шектелип 2 жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында 43 жаштагы аял зордуктоого шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-март күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад шаарында 1978-жылы туулган аял кишини үйүнө белгисиз кишилер кирип келип, эркине каршы зордуктап, колундагы миздүү учтуу белгисиз предмет менен башына уруп, денесине жаракат келтирген.

Натыйжада аял ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып үйүнө чыккан.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Андан сырткары жабырлануучу аялга карата соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Көп өтпөй шектүү катары Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну О.З. жана Сузак районунун 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>