Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайт
06.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 6-августта, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми Ош облусунун өрөөндүү аймагында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 31…36°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 31…36°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 31…36°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 31…36°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 18…23°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 20…25°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16…18°C, күндүз 31…33°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы