6-июлда коронавирустан 4 адам каза тапты. Бул тууралуу 6-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадемин Каратаев билдирди
Каза болгон учурлар төмөнкү аймактарда катталган:
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 73 жашта);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);
Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 92 кишини түздү.