6 жаштагы баланын өмүрүн сактап калган окуучу кызга медаль тапшырылды

6 жаштагы баланын өмүрүн сактап калган окуучу кызга медаль тапшырылды

Ысык-Көлдө 6 жаштагы баланын өмүрүн сактап калган 6-класстын окуучусу Акмаанай Нурланова ӨКМдин «Адам өмүрүн куткаруудагы эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 23-июнда Акмаанай Нурланова Түп суусуна кулап кетип, чөгүп бараткан 6 жаштагы баланын өмүрүн сактап калган. 12 жаштагы Акмаанай балага өз убагында биринчи жардамды да туура көрсөтө алган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругу менен Акмаанай Нурланова медаль менен сыйланган.

«Эр жүрөктүүлүк менен адам өмүрүн сактап калган келечек ээсинин эрдиги башкаларга үлгү экендигин баса белгилеген министр Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы жамааты Акмаанайга кең келечек каалайт», — деп айтылат маалыматта.

Акмаанай Нурланова — Түп районундагы А. Карымшаков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>