«7 образ — бир тарых»: 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясы башталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКӨ) Эл аралык катчылыгы «7 образ — бир тарых» деп аталган масштабдуу имидждик кампаниясын расмий түрдө ишке киргизди. Кыргызстандагы ДКӨ-2026га даярдык көрүүнүн маанилүү этабына айланган долбоор санариптик (digital) каналдарда, алдыңкы медиаларда жана тышкы жарнама форматтарында ырааттуу түрдө жайылтылат.






Концепциянын негизин кыймыл, улуттук спорт жана адамдын жаратылыш менен байланышы аркылуу көчмөндөрдүн маданиятын ачып берген жети визуалдык сюжет түзөт. Авторлор бул тарыхый реконструкция эмес, жандуу салтты чагылдыруу экенин баса белгилешет: кадрларда аттарды таптап даярдоочу реалдуу процесстер, оюндардын фрагменттери жана кыргызстандыктардын заманбап жашоосунун бир бөлүгү болуп кала берген күнүмдүк ырым-жырымдар (ритуалдар) тартылган.
Сунушталган визуалдык серия алдыда күтүлүп жаткан Оюндарды жасалгалоонун пайдубалы болот. Бирдиктүү визуалдык тил расмий аянтчаларды бренддөө үчүн, социалдык тармактарда жана дүйнө жүзү боюнча жарнамалык кампанияларда колдонулат. Аудиторияны бардык жети образ менен этап-этабы менен тааныштыруу көчмөн цивилизациясынын уникалдуу ритмин жана рухун жеткирүүгө багытталган.