«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
25-майда Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулат
22.05.2026 | 15:39

25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактагы турак үйлөрдө, социалдык жана өнөр жай объекттерде токтотулат:
Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов, Балтагулов, Ч. Айтматов проспектиси, Сухомлинов, Ш. Руставели жана Айни көчөсү.

Бул убактылуу өчүрүүлөр Жаманбаев көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу. «Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом