Ташиев: Чек ара боюнча жыйынга телефон, камера алып кирүүгө болбойт

Ташиев: Чек ара боюнча жыйынга телефон, камера алып кирүүгө болбойт

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйындар залында эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин кезексиз жыйыны өтүп, анда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишим каралат.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдиргендей, жыйынга журналисттер жана блогерлер киргизилет, бирок камера, телефон, ноутбук сыяктуу техникаларды киргизүүгө тыюу салынат.

“Бүгүн биз Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ачыктап, комитеттин кароосуна алып кирип жатиабыз. Ага бардык жарандар катыша алат. Бирок, үн жаздырууга, камерага тартууга тыюу салынат”, — деди Ташиев.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча протоколго кол койгон. Андан кийин коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтыла баштагандыктан, Өзгөндө президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу өткөргөн. Ага карабай, бул маселе боюнча коомдук нааразычылык токтобой, эки өлкө ортосундагы келишимди ачыктоо талабы айтылган. Мындан улам, президент Садыр Жапаров келишимди «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бергенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>