75 депутаттын өтүнүчүнө карабай сот Мадумаровду камакта калтырды

75 депутаттын өтүнүчүнө карабай сот Мадумаровду камакта калтырды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2024-жылдын 9-февралына чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан билдирди.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулу Мадумаровдун жактоочуларынын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эл өкүлүн үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин 75 депутаты дагы кайрылган.

Биринчи май райондук сотунда Адахан Мадумаровго каршы кылмыш иши дагы карала баштады.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдун негизинде  «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине шектелип кармалган.

Парламенттин депутаты Гуля Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин, укук коргоо органдарында Мадумаровду аталган айып менен жоопко тартууга парламенттин макулдугун жоктугун белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>