Көлбаев менен байланышка шектелип экс-депутат, “Бурана Гранд” компаниясынын жетекчиси кармалды

Көлбаев менен байланышка шектелип экс-депутат, “Бурана Гранд” компаниясынын жетекчиси кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышка шектелип “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын жетекчиси Урмат Ишенбеков кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы аныкталып, 4-январга чейин камакка алынды.

Ал дагы кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга айыбы каралууда. Алар Көлбаевдин акчасын кыймылсыз мүлккө колдонгону айтылат.

«2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында (курорттук-рекреациялык аймак) жайгашкан 4 гектар жер тилкесин “Бурана-Гранд” ЖЧКсынан “Каганат Резорт” ЖЧКсынын пайдасына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөн.  Ал жерге пансионат курулуп, анын 40 пайызы Камчы Көлбаевге таандык болмок», — дейт коопсуздук комитети.

УКМК маалыматында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан “Парк Авеню” турак жай комплекси,  цирктин тегерегиндеги 36 сотукка  жакын жерге “Бурана Пелес” турак жай комплексине дагы Камчы Көлбаевдин акчасы салынган.

Урмат Ишенбеков Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>