“Саясий абал курч кезде жетекчи болуп дайындалдым”. Иштен кеткен министр кайрылуу жасады

“Саясий абал курч кезде жетекчи болуп дайындалдым”. Иштен кеткен министр кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров 5-майда министрлер кабинетинин жаңы түзүмүн бекитти. Анда, Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин ордуна башка министр дайындалды.

Кызматтан кеткен Бейшаналиев фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкөдө кыйын кырдаал болуп турган кезде бул кызматка келгенин айткан.

“Алты жарым ай иштеген жооптуу кызматтан кетип жатып жалпы элиме ыраазычылык билдиргим келди. 2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле, пандемияга байланыштуу окуу процесси 100% онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим. Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду. Бирок ага карабастан элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык”,— деген Алмаз Бейшеналиев.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровко, өкмөт башчы Улукбек Мариповко, депутаттарга жана өкмөт өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, президент жаңы Баш мыйзамга кол коюп, министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти. Тизмеде жаңы билим берүү жана илим министри болуп Болотбек Купешев дайындалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>