8 млн сом кымырып алган делип 16 жыл издөөдө жүргөн жаран кармалды

8 млн сом кымырып алган делип 16 жыл издөөдө жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун Кожомкул айылына суу тартууга бөлүнгөн акчаны кымырып алууга шектелип, 16 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран (П.Д.) кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2004-жылдын март айында «КВТ» компаниясы Чүйдүн Кожомкул айылына таза суу тартуу үчүн тендерди утуп алган. Ал учурда «КВТ» компаниясын П.Д. аттуу жаран жетектеп турган. Бирок аталган компания 2004-2005-жылы Кожомкул айылына суу тартуу үчүн бөлүнгөн акчаны кымырып алган. Кийин комиссия аталган компания айылга суу түтүктөрүн орнотууда мыйзам бузганын аныктап, Кожомкул айылында таза суу тутуму иштебей калган. Жыйынтыгында мамлекетке 8 млн сом зыян келтирилген. 2007-жылы компаниянын жетекчиси П.Д. издөөгө алынган.

Шектүү арадан 16 жыл өткөндөн кийин кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу  же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүүгө (П.Д.) карата эч жакка кетпөө тилкаты түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган (камакка алынган эмес). Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>