Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
90догу чоң атасы келди: Камактагы Адилет Балтабайдын соту кандай өттү?
22.08.2022 | 19:52
Бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык сотто активист Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралды.
Сотко активисттин жакындары жана тарапташтары келди. Ошондой эле соттук процесске Адилет Балтабайдын жашы 90дон өткөн чоң атасы Жакыпбек Кожояров да катышты.
Отурумда сүрөт жана видео тартууга уруксат берилген жок.
Сот жактоочунун Адилет Балтабайды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн канааттандырбай, Биринчи май райондук соттун активистти 29-августка чейин камакка алуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Адилет Балтабай “массалык башаламандыктарга чакырык” жасоого шектелүүдө. Активисттин баш коргоо чарасын караган кийинки соттук отурум 29-августта өтөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом