Эки жүк ташуучу унаасын алдап кеткен жаран кармалды

Эки жүк ташуучу унаасын алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте жаран батир алып берем деп эки жүк ташуучу унаасын алдап алып кеткен.  Алдамчылыкка шектелип 43 жаштагы А.К.  кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т.Б аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу эки унааны батирге алмаштырууну сунуштаган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Унааны алган боюнча ал киши качып кеткен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү А.К изделип, кармалды.  Райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот шектүүнү эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөттү.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0550321800 же 102 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Тэги: хово

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>