Россиядагы кырсык: 14 жарандын сөөгү эртең алынып келет — видео

Россиядагы кырсык: 14 жарандын сөөгү эртең алынып келет — видео

21-августта Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыкта каза болгон 14 кыргыз жаранынын сөөгү эртең, 23-августта Ош шаарындагы аэропортко алынып келет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыбеков билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Ош жана беш адам Жалал-Абад облусунун тургундары болушкан.

«Учак Ульяновсктун убактысы боюнча Ошко саат 13:00дө учат. Ал жактан Ошко учуп келүүгө 3 саат кетет. Кыргызстан менен Россиянын убактысынын айырмасын эске алганда учак Ошко саат 18:00дө конот», — деди ал.

Анын айтымында, аэропорттон маркумдардын сөөктөрүн министрликтин кызматкерлери тосуп алып, үйлөрүнө жеткирет.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Ага байланыштуу Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>