Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталат
Аскар Акаев Кыргызстанга эмнеге келди?
14.12.2021 | 10:43
Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев эртең мененки рейс менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Алардын айтымында, ал уулу менен учуп келген.
Акаевдин келгени тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге өздүк булактар тастыкташты.
Республиканын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов белгилегендей, Аскар Акаев эми Кыргызстанга каалаган убакта, эч ким менен макулдашпай эле келе алат.
«Анын сапары “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн, тергөө иштери дагы эле уланып, айрым маселелерди тактоо зарыл болушу мүмкүн. Бирок, балким, анын келиши жаңы жыл алдындагы жеке, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу», – деди Кулов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат