Сокулукта күйөөсү аялын сабап өлтүрдү

Сокулукта күйөөсү аялын сабап өлтүрдү

Сокулук районунда мас абалында эркек киши аялын сабап салган. Аял эсине келбей ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ болгон. Аймактык ооруканадан милицияга бир аял ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери жабырлануучунун өздүгүн аныкташкан. Ал 41 жаштагы К.Э болуп чыкты.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча катталды. Кылмышка шектелип, 48 жаштагы Б.К. кармалды.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка жубайлардын мас абалындагы урушу себеп болгон, анын кесепетинен күйөөсү аялын ур-токмокко алган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>