Кинодогудай көрүнүш. Баңги зат саткандарды милиция колго түшүрдү (ВИДЕО)

Кинодогудай көрүнүш. Баңги зат саткандарды милиция колго түшүрдү (ВИДЕО)

Ысык-Көлдө ири өлчөмдө баңги затын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул туурасында Ысык- Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, декабрь айынын баш ченинде облустук ички иштер башкармалыгына, аймактын үч тургуну, мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңги затын сактап жүрүшкөндүктөрү жөнүндө ыкчам маалымат түшөт. Бул мыйзамсыз иш аракетке бөгөт коюу максатында иш аракеттерин баштаган.

Милиция алардын кимдигин алдын-ала такташкан. Алар, Ак-Суу районундагы айылдарынын биринин тургундары 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. болуп чыгышат. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр баңги заттарын өткөрүү үчүн сатып алуучуларды издеп жатканын, же болбосо баңги заттарды автоунаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлерине белгилүү болот.

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө, шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүрүшкөн баңги заттарын «Ниссан» жана «АУДИ-100» үлгүсүндөгү автоунааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширенке кутучасына салынган баңги заттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышат. Андан тышкары, 39 жаштагы Б.Т. үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынат.

 

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган далил заттар гашиш жана марихуана түрүндөгү баңги затына таандык экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>