Гүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодоБишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата музыкалык кече өтөтКазакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктадыКыргызстан түштүк кореялык компания менен киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койдуТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда
Аскар Акаев Кыргызстанга эмнеге келди?
14.12.2021 | 10:43
Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев эртең мененки рейс менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Алардын айтымында, ал уулу менен учуп келген.
Акаевдин келгени тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге өздүк булактар тастыкташты.
Республиканын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов белгилегендей, Аскар Акаев эми Кыргызстанга каалаган убакта, эч ким менен макулдашпай эле келе алат.
«Анын сапары “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн, тергөө иштери дагы эле уланып, айрым маселелерди тактоо зарыл болушу мүмкүн. Бирок, балким, анын келиши жаңы жыл алдындагы жеке, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу», – деди Кулов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат