ЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейт
А.Жапаров Бишкек—Ош жолундагы курулуш иштер менен таанышты
09.06.2022 | 09:55
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек—Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жапаров автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.
Жалпы курулуш иштеринин 85%ы бүткөрүлдү, ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом