Кыргызстан жакынкы арада кайсы жерлерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачат? ТИМ маалымат бердиКара-Балтада 4 млн долларлык грантка жапон технологиясы менен таштанды полигону курулатОпера жана балет театры өлкөнүн түштүгүнө гастролдоп барат – программасыЧет өлкөлүктөр кайырчылык кылганы үчүн өлкөдөн чыгарылат — КР президентинин жарлыгыОшто жеке нотариус документтерди жасалмалоого шектелип кармалдыКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын билүү боюнча тест өткөрүлөт
Лебединовкадагы жол кырсыгында 8 жашар кыз жабыркаган
13.08.2022 | 18:28
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 13-августта Лебединовка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Аталган башкармалыктан Reporter.kg’ге билдиришкендей, унаа сүзүп кеткен кыз 8 жашта. Ал №4 шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Анын бир буту сынган.
Ал эми кызды сүзүп кеткен айдоочунун унаасы айып аянтчасына коюлган. Айдоочу жол кырсыгы болгон учурда мас абалында болгон эмес.
Эскерте кетсек, бүгүн, 13-августта Лебединовка айылында Жеңиш проспектисинде унаа жаш кызды сүзүп кеткен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом