Эртең, 29-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;
Бишкекте күндүз жаан менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+6 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз