Депутат: Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу жыйындарга катышпайт

Депутат: Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу жыйындарга катышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу парламенттеги жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу анын кесиптеши Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Акаев жакынкы күндөрү Айдарбеков ишине кайтып келет деген ишеничин айткан.

«Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович, жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

27-ноябрда депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков байланышка чыкпай жатканын билдирген. Айдарбековдун Казакстанга чыгып кеткени же кармалганы белгисиз болуп жаткан. 28-ноябрда УКМК Айдарбеков боюнча үн катып, депутат кармалбаганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек арасы (Кемпир-Абад) боюнча келишимге каршы добуш 19 депутатка коркутуулар болуп жатканын айткан. Аталган келишимге каршы добуш бергендердин арасында Айдарбеков менен Жамгырчиев бар.

УКМК депутат Чыңгыз Айдарбеков боюнча үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>