Кыргызстандыктардын үчүнчү тобу Словакияга жумушка жөнөп кеттиЭрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди
Баткенде окуу жайдын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү
30.12.2022 | 19:12
Баткендеги окуу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Жусупов көчөсүндө жайгашкан Баткен мамлекеттик жогорку окуу жайынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаардык №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 13:58де 2-бөлүм тартылды.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракети менен жалын саат 14:16да чектөөгө алынып, саат 15:00дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген зыян такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом