«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат
Өкмөт данга импорт үчүн нөлдүк ставкасын узартты
30.12.2022 | 18:49
Кыргызстан дан жана унду импорттоо үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын узартты. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документке ылайык, нөлдүк КНС келерки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот:
- ун өндүрүүчүгө жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна андан ары тапшыруу шартында данды импорттоо үчүн;
- импорттоочу түздөн-түз өндүргөн унду ата мекендик дандан жеткирүү үчүн.
Эске салсак, КНСке нөлдүк ставка 2022-жылдын 31-декабрында жокко чыгышы керек болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика