МСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты
Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчтү. Себеби айтылды
13.01.2023 | 23:28
Бишкек электр тармактар ишканасы Көлмө, Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында жана көчөлөрдүн айрым участокторунда авариялык өчүрүүлөр боюнча жарандардын кайрылууларына жооп берди
«Электр энергиясын керектөөнүн кескин көбөйүшүнө байланыштуу авариялык автоматика иштеп, анын кесепетинен Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр жогоруда аталган турак жай массивдеринде да болгон. Учурда жогоруда аталган конуштардын бардыгына электр энергиясы бериле баштады. Ошондой эле, көчөлөрдүн айрым участокторунда электр тармактары ашыкча жүктөлгөндүктөн өчүрүүлөр болгон. Энергетиктер мүмкүн болсо, бардык абоненттерди башка электр булактарына туташтырышат. Бирок, алмаштыруу 30 мүнөттөн бир саатка чейин созулат. Учурда борбор калаада авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн 33 оперативдүү-ремонттук бригада иштеп жатат», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Буга чейин 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, адаттан тыш суук болоору эскертилген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар