Рулда баратып жол кырсыкта мерт кеткен айдоочунун видеосу

20.01.2023 | 10:15

Баткендин Кадамжай районунда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып кырсыкка учурады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 19-январда саат 11:30да Ош – Баткен – Раззаков жолунун 161-чакырымында болгон. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта (видеодо көрүнгөндөй ылдамдыкты саатына 240 чакырымга чейин жеткирген – ред.) бара жатып, рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен.

“Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу ошол жерде каза болуп, жанындагы жүргүнчү оор абалда ооруканга жеткирилип, ошол жерден жан берген”, – деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга адамдын өмүрү кымбат экенин эскертип, жол эрежесин сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top