Ырчы Малик Аликеевдин сөөгү Таласта жерге берилди

Ырчы Малик Аликеевдин сөөгү Таласта жерге берилди

Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев 2023-жылдын 17-январында 53 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Малик Аликеев Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында 1969-жылы 6-июлда жарык дүйнөгө келген. Элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» аттуу ырлары менен таанылган. Артында бир уулу калды.

Эске салсак, Малик Аликеев 2020-жылы катуу ооруп, буту баспай калган. Мындан улам анын жамбаш сөөгүнө Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда эки операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алганы маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>