Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди — сүрөт

Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди — сүрөт

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн 7 памирлик үй-бүлөгө 19-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 20-22-ноябрь күндөрү аталган комитет бул Дароот-Коргон айылында жашап жаткан памирликтерден кабар алып, муктаждыктарын угуп кайтышкан. Жардамды Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди.

«Сиздердин жашоо-шарт менен таанышкандан кийин депутаттар кайрылуу кылып, натыйжада Эл аралык миграция уюмунун башчысы Бермет Молдобаева колдоо кѳрсѳттү. Минтип гуманитардык жардам катары үй тиричилигине зарыл болгон буюмдарды алып келдик. Эл өкүлдөрүнүн кайрылуусунун натыйжасында “Мерси Ко” эл аралык уюму да көмөктөштү. Андан тышкары, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери да кийим-кече чогултуп беришти», – деди комитеттин эксперти. Аны менен катар Ош шаарындагы “Элим”  клиникасынан эки тиш дарыгери келип, жарандарды кароодон өткөрүштү. Көмөк алган кайрылмандардын бири Алияхмат Махамадосмон эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип: “Эми көнүшүп келе жатабыз. Азыркы кыштын күнүндө төшөнчүлөргө, үй-буюмдарына  өтө муктаж элек”, – деди ал.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбеков 7 үй-бүлөнү жергиликтүү бийлик камкордукка алганын айтып: «Памирликтердин келгенине 7 ай болду. Аларды банктын мурунку имаратына жайгаштырып, бардык шартын түзүп койгонбуз. Ар бир үй-бүлөгө жылынуучу мештер берилди. Аны менен катар 7 тонна көмүр түшүрүлдү. Кайрылмандарды кыштан аман-эсен алып чыгып кетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кудурети жетет», – деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>