Рулда баратып жол кырсыкта мерт кеткен айдоочунун видеосу

Рулда баратып жол кырсыкта мерт кеткен айдоочунун видеосу

Баткендин Кадамжай районунда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып кырсыкка учурады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 19-январда саат 11:30да Ош — Баткен — Раззаков жолунун 161-чакырымында болгон. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта (видеодо көрүнгөндөй ылдамдыкты саатына 240 чакырымга чейин жеткирген – ред.) бара жатып, рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен.

«Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу ошол жерде каза болуп, жанындагы жүргүнчү оор абалда ооруканга жеткирилип, ошол жерден жан берген», — деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга адамдын өмүрү кымбат экенин эскертип, жол эрежесин сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>