БШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыраттыОштун жаңы мэри Жанар Акаев жөнүндө эмнени билүү керек: Өмүр баяны жана чуулгандуу билдирүүлөрүИран аскердик машыгуулар үчүн Ормуз кысыгын убактылуу жаптыБалдарды зордуктоо кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталуудаМигранттардын Кыргызстанга акча которуулары тарыхый жогорку чекке жеттиКыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды
Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши каякта өтөрү айтылды
03.03.2023 | 15:22
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) менен россиялык спортчу Роман Власовдун беттеши Казакстанда өтөт.
Эскерте кетсек, быйыл январь айында эки балбан Poddubny Wrestling League мелдешинин алкагында күрөшө турганы кабарланган. Маалыматка караганда, аталган мелдеш Алматы шаарында 26-апрелде өтө турган болгон.
Белгилүү болгондой, спорт күйөрмандары бул беттешти эки жылдан ашык убакыт күтүүдө. 2021-жылдын аягында спортчулар Бишкекте беттеш өткөрүүнү макулдашып, бирок ал болбой калган.
Акжол Махмудов — Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону. Ал эми Роман Власов Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону болуп саналат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз