Бишкектиктер августтун аягында төрт күн катары менен эс алышатКемин шаарында имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү дизайн-кодго келтирилетКыргызстандыктарды жолдордун жабылышына байланыштуу сабырдуулукка чакырыштыБаткенде дарыяга агып кеткен жаран жети күндөн бери изделип жататЭнергетика министрлиги: Токтогул ГЭСиндеги мүчүлүштүк Казакстандагы жарыктын өчүшүнө себеп болгон эмесЫсык-Көлдө кеме куруучу жайларды, эллингдерди жана калкыма платформаларды куруу сунушталууда — мыйзам долбоору
Махмудов менен Власовдун беттеши качан өтөрү айтылды
26.01.2023 | 09:46
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү, 77 кг) менен россиялык спортчу Роман Власовдун беттеши Poddubny Wrestling League мелдешинин алкагында өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, беттешти быйыл апрель айында өткөрүү пландалууда. Азырынча мелдеш өтө турган жер белгилүү боло элек.
Белгилүү болгондой, спорт күйөрмандары бул беттешти эки жылдан ашык убакыт күтүүдө. 2021-жылдын аягында спортчулар Бишкекте беттеш өткөрүүнү макулдашып, бирок ал болбой калган.
Акжол Махмудов – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону. Ал эми Роман Власов Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону болуп саналат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз