Жаратылыш ресурстары, экология жана техикалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери маралды куткарып калды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, министрликтин Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Түптүн Сары-Кыр тилкесинде, рейд учурунда, эки жаштагы маралды таап алган.
«Марал карышкырлар кол салгандан кийин үйүрүнөн калып калган болушу мүмүн. Маралды тапкан учурда ал алсыз абалда болгон», — деп билдиришти министрликтен.
Марал Сары-Тологой айылындагы егердин үйүнө жеткирилген. Андан кийин мал доктур чакырылып, ветеринар маралды текшерген.
«Марал калыбына келгенден кийин кайра боштондукка кое берилет», — деп билдиришти министрликтен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз